Кантта "Эскерүү багы" акциясы өттү. Видео

Бүгүн, 6-апрелде, Кантта жыл сайын өтүүчү "Эскерүү багы" акциясы болду.
Sputnik
Иш-чара Улуу Ата мекендик согуш жоокерлеринин эстелигинин жанында өттү. Окуучулар согуш баатырларынын элесине арнап бак тигишти. Бул тарыхты сактоого жана экологияны коргоого багытталган.
Акцияны "Чайка" жана "Жеңиш ыктыярчылары" коомдук уюмдары уюштурду. Аны Кант шаарынын бийлиги, РФ элчилиги, Россотрудничество жана "Жердев сад" питомниги колдоого алган. Ал Кыргызстандан башка жерлерде да болду.
"Эскерүү багынын" катышуучулары дүйнө жүзү боюнча 27 миллион бак отургузууну пландашууда.