НАТОго кошулган Финляндия — альянстын жаңы баш оорусу. Аскерий сереп

Түндүк атлантикалык блоктун жаңы мүчөсү катары Финляндия Балтика жана Польшанын баскан жолун кайталап калышы ыктымал. Аталган мамлекет чет өлкөлүк күчтөрдү жайгаштыруу үчүн Россияга каршы плацдармга айланып калары ажеп эмес.
Sputnik
Андай жагдай 78 жылдан бери улуттук коопсуздугунун негизи болгон РФ менен коңшулугуна доо кетириши мүмкүн экенин белгилейт Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко.
Финляндия 4-апрелде Түндүк Атлантика альянсынын отуз биринчи мүчөсү болуп кирди.
НАТО калк аз жайгашкан территорияга (338 400 чарчы чакырым, калкынын саны – 5,6 млн), чакан фин армиясына (24 миң аскер кызматкери) жана Россия менен чектешкен 1271 чакырымдык жерге ээ болду десек жаңылыштык эмес.
Финляндиянын чыгышында чек ара инфраструктурасы анчейин өнүккөн эмес. Ошондуктан жаңы "темир көшөгө" жакынкы он жылдыктарда альянстын бардык өлкөлөрүн миллиарддаган чыгымга салары бышык. Фин армиясын НАТОнун жалпы структурасына интеграциялоо менен катар алдыда көзгө чалдыкпас F-35 истребителдерин жайгаштыруу боюнча программаны кеңейтүүгө чейинки иштер күтөт.
Альянстын Брюсселдеги штаб-квартирасындагы салтанатта Финляндия президенти Саули Ниинистё жаңы чакырыктар, жаңы доордун башталышы тууралуу катуу күпүлдөп: "НАТОго мүчөлүк эл аралык позицияларыбызды бекемдеп, маневр үчүн мейкиндик берет", — деп белгиледи.
Ал дал кайсы маневр тууралуу айтканын болжоо оңой эле, себеби Европанын дээрлик бардык өлкөлөрү бүгүнкү күндө Вашингтондун кызыкчылыгына баш ийип, Россия менен прокси-согушка катышууга тартылып, экономикалык деградацияга кабылары турулуу иш. Улуттук армиялар Пентагондун кол куурчактарына айланат.
Кремль Финляндиянын НАТОго киришин Россиянын коопсуздугу жана улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирүү иретинде баалайт. Андай көрүнүш тактикалык жана стратегиялык контрчараларды көрүүгө түртөт. Москванын принципиалдуу позициясы (көп полярдык дүйнө, теңата жан бөлүнгүс коопсуздук системасы) альянстын жаңы жана эски мүчөлөрүнө жакшылык алып келбейт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Тарыхтан тыянак чыгарбай... Европанын кадамдарына сереп

Чагымчыл аракет

Расмий түрдө бейтараптыкты карманган Финляндия отуз жылдан бери эле НАТО менен акырындап жакындашып жаткан. Президент Ниинистё кечээ белгилегендей: "Өнөктөш катары биз НАТОнун ишмердигине мурдатан эле кызуу аралашып келебиз. Болочокто Финляндия жамааттык ооздуктоого жана НАТОнун коргонуу тутумуна салым кошот".
Чындыгында 2020-жылы эле Финляндия менен Швеция Түндүк атлантикалык альянска мүчө болгон Норвегия менен аскердик биримдик түзгөн. Андан мурун деле фин күчтөрү НАТОнун курамында Афганистан, Босния менен Косоводогу (1995 жана 1999-жылдардагы) операцияларга катышкан. Ал эми Косовонун Сербиядан бөлүп салууну дал ушул Финляндиянын экс-президенти Мартти Ахтисаари сунуштаган. Ошол себептен Пентагондун башчысы Ллойд Остин фин армиясы "НАТОну кыйла бекемдейт" дегени болбогон кеп. Бирок ошентсе да альянс территорияга гана ээ болбойт.
СССР ыдыраган соң финдер МиГ-21 истребителин заматта эле америкалык F-18дерге, ал эми Т-55М танкаларын немец Leopard 2A4 менен Leopard 2A6га алмаштырган. Былтыр май айында НАТОнун Финляндиядагы машыгуусуна британиялык Challenger-2 танкалары келген.
Өзөктүк куралды ташууга ыңгайлуу каражат деп саналган, Пентагондун көзөмөлүндө дүйнөнүн булуң-бурчунда бирдиктүү маалымат алмашуу түйүнүнө интеграцияланган F-35A учагынан 64 бирдикке буюртма берген.
Америкалык "көзгө чалдыкпас" F-35 согушка жараксыз, конструктивдүү көйгөйлөрү жүздөп саналат. Ушул күнгө чейин Пентагон тарабынан массалык түрдө чыгаруу үчүн толук жактырыла элек.
Америкалыктар 2030-жылга чейин F-35 техникалык көйгөйлөрүнүн көбүнөн арылып, тактикалык термоөзөктүк куралды негизги ташуучуга айланышына үмүт кылышат.
Ошону менен катар эле АКШ НАТОнун мүчөлөрү менен өзөктүк куралдарды биргелешип пайдалануу жөнүндөгү макулдашууну кеңейтүүгө умтулат. The Diplomat басылмасы бул Чыгыш Европа өлкөлөрүнө өзөктүк куралдын жайгашуусуна алып келерин, ошондой эле Финляндияга коюлган F-35 учактары Россияга катуу сокку урушу мүмкүн экенин жоромолдойт. Эске салсак, Санкт-Петербургдан фин чек арасына чейинки аралык – 151 чакырым же "көзгө көрүнбөс" F-35тин 10 мүнөттүк учушу.
Даниянын коргоо министри Мортен Бёдсков Финляндиянын мүчөлүгү "НАТОну Түндүккө жылдырарын", Балтика чөлкөмүнө басым жасаларын, "активдүүлүк көбүнесе Чыгышка карай болорун" боолголоду.
Ал эми Норвегиянын коргоо министри Эйрик Кристофферсен Финляндия менен Швециянын НАТОго кириши "көп мүмкүнчүлүктөрдү ачарына", анын ичинде Антарктика же Балтикада жаңжал тутанып кетсе жайгашуунун жаңы ыкмалары да жараларына үмүт кылган. Норвегия Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы Рольф Фолланд эмитен эле регионалдык миссияларды тескөө үчүн жаңы "Аба операцияларынын түндүк борборун" түптөө жөнүндөгү ойлорун ортого сала баштады.
Норвегия 2025-жылга дейре F-35 истребителинен 52 бирдикти жайгаштырууга белсенген. Алар "РФтин абадан коргонуу тутумунун каражаттарына дагы кошумча кысым көрсөтөрү" белгилүү.
Breaking Defense басылмасы: "Хельсинкиге альянстын саясаты жаатында дагы көптү үйрөнүүгө туура келет. Өзгөчө көңүл бурууну талап кылганы – өзөктүк саясат", - деп таасын мүнөздөп койгон. Финляндия "НАТОнун стратегиялык позициясын заманга тууралоого катышары ыктымал".
РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев мурдараак Россия касташкан коңшуларында өзөктүк куралдын пайда болушуна жол бербестигин баса белгилеген эле. Бул — Москванын принципиалдуу позициясы.
Фин өкмөтү эскалация багытында негедир баарын көрүп-билип туруп баратат. Жамааттык Батыш Россияны "стратегиялык жеңилүүгө" дуушар кыларын ачык эле жарыялап келет. Акыры өзөктүк кагылышка алып барары айдан ачык жаңжалга катышканы үчүн жоопкерчилик НАТОнун ар бир мүчөсүндө.
Польшанын тажрыйбасынан да, украиналык сабактан да Россиянын коңшуларына пайда жок. Чыгыш Европада Түндүк атлантикалык альянстын көйгөйлөрү эми гана башталууда.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Беларусь авиациясы өзөктүк курал менен сокку уруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду