Эки түстөгү эки сулуу, сыр каткан булуттуу жээк. Сынакта жеңген сүрөттөр

Эл аралык калыстар тобу Fine Art Photography Awards (FAPA) — 2022 сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн дүйнө жүзүнөн топтолгон эмгектерди көрүңүздөр.
Sputnik
Быйыл сынактын башкы жеңүүчүсү Кристин Коллетт болуп, "Көркөм өнөр жаатындагы кесипкөй фотограф" аталып, 3000 доллар сыйлык алды. Ал эми Николя Биго үйрөнчүк номинациясында 2000 долларга татыды.
Fine Art Photography Awards — "Фотоискусство" 2014-жылы түптөлүп, үйрөнчүктөр менен кесипкөйлөр арасында өткөрүлүп, мыкты сүрөттөрдү 20 категорияда тандап келишет.
1 / 16

Абсолюттук жеңүүчү Шерайн Коллеттин эмгеги. Сырткы көрүнүшү бири-бирине коошпогон эки кыз, тагыраагы, ак кыз менен кара кыз.

2 / 16

"Ич жактан туруп тартылган фотожурналистика" деп аталган ирмем Габриэль Микалицциге таандык. Бул Мариуполдо жасалган сүрөт. Ал чатакты россиялык тарапта туруп чагылдырган фоторепортерлордун бири

3 / 16

Николас Биго "Концептуалдык санарип дүйнө" деп аталган эмгегинде йоганы, робототехниканы жана жасалма интеллектини колдонгон

4 / 16

Эстер Бланкестайн башка категорияда жеңди. Калыстар анын тропикалык куштардан турган классикалык натюрмортун жогору баалады.

5 / 16

Шинья Итахана Тотториде тартылган (Саньин, Япония) ирмемин "Ыкчам ыйык агымдар" деп атады.

6 / 16

Фотограф Пэтти Махердин өзүнүн үйүнүн жанындагы автоунаалар көрүстөнүнөн жасаган кадры

7 / 16

Грег Уайттын эмегиги "Эксперименталдык базалык чоңдуктар" деп аталат. Ал креативдүү сүрөт тартуу техникаларын пайдаланган.

Сүрөттө керилген металл пружинасы көрсөтүлгөн. Эл аралык чоңдук системасы (ISQ) жети негизги чоңдукту аныктайт: электр тогу, узундук, жарыктын ылдамдуулугу, салмак, заттын саны, термодинамикалык температура жана убакыт.

8 / 16

Маттиас Ланге Флейт Хенне өзүнүн багындагы сүрөттөрдү тартып, кесипкөйлөр категориясында жеңүүчү болгон

9 / 16

Майкл Филс сүрөттөр сериясын "Бийиктикте учкандар" деп атаган. Ирмемде Вена көпүрөсүндө асылып турган гимнаст кыз.

10 / 16

"Фотоманипуляция" каегориясында Кассио Шольц "Шаардагы сейилдөө" сүрөтү менен жеңүүчү болду

11 / 16

Фотограф Жастин Памфринин "Түнкү поезд" сүрөтү

12 / 16

"Торлор лабиринтинде" деп аталган сүрөт, автору Хильда Чампион

13 / 16

"Жашоону жарык кылган кыялдар". Мати Гельмандын эмгеги.

14 / 16

"Деңиз пейзажы" деп аталган сүрөттүн автору Фрэнк Питерс Жаниядагы Борнхольм аралында жүрүп тарткан. Булутка чулганган жээк.

15 / 16

"Булуттуу шаардын архитектурасы" эмгеги Даниэль Чераволого таандык. Сүрөт Ротонделла (Италия) аймагынын үстүнөн дрон менен тартылган.

16 / 16

Бул эмгектин автору Питер Чех ак кууларды беш жылдан бери тажабай тартып келет. Сүрөт "Жапайы жаратылыш" категориясына коюлган.