Бишкекте согуштун ардагери Анатолий Августовский 101 жашында көз жумду

Ардагердин үй-бүлөсү 1932-жылы Тюменден Кыргызстанга көчүп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкекте Ата мекендик согуштун ардагери, КРдин эмгек сиңирген энергетиги Анатолий Августовский 101 жашында каза болду. Бул тууралуу маалыматты агенттикке Улуттук энергетика тармагынан тастыктады.
Анатолий Федорович Тюмень облусунда туулган. 1932-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келген. 19 жашында Кызыл армиянын катарына Баткен облусунун Сүлүктү шаарынан чакырылып, Москванын жака белинде ички аскер кызматында кызмат өтөгөн. 1952-жылы согуштан кайткан.
Ардагер "Күжүрмөн эмгеги үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" жана башка ондогон медалдар менен сыйланган. Согуштан кийин Таш-Көмүр жана Ош шаарларындагы ишканаларда иштеген.
Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 7-апрелде, болот. Артында эки баласы, небере-чөбөрөлөрү калды.
Кантта "Эскерүү багы" акциясы өттү. Видео