БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкектеги Фрунзе көчөсүндөгү мейманканадагы номерлердин биринен эркек киши менен эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, алардын денесинен кыйноонун белгилери байкалган эмес.
Милиционер эркек кишинин өздүгүн аныктаган, ал 1984-жылы туулган К. В. болуп чыккан. Учурда эки аялдын өздүгү такталууда.
Тергөө амалдары жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.