Радио

Ысык-Көлдө балык баккан ишкерлерди окуткан борбор түзүлөт. Чоо-жайы

Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу балык чарбачылыгы менен алектенгендерди окутуу зарылчылыгы тууралуу айтып берди.
Sputnik
Ысык-Көлдө балык баккан ишкерлерди окута турган борбор түзүлөт. Бул тууралуу Нурзамат Акпаралы уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ал үчүн былтыр 22-октябрда Айыл чарба министрлиги менен Корей деңизи институтунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.
"Тоңдогу балык өстүрүү заводунун базасында аквакультура жана балык өстүрүү боюнча улуттук борбор түзүлөт. Анда аталган тармактагы ишкерлер, кызматкерлер, студенттер окутуп, үйрөтүлөт. Борбордо балыкты икрадан баштап сатканга чейинки багуу, дарылоо боюнча комплекстүү окутуулар сунушталат. Анда лаборатория, инкубациялык цехтер, бассейндер, ал тургай жатып окуу үчүн имараттар болот. Анткени соңку жылдарда балык чарбачылыгында ишкерлер кыйла көбөйүп калды, бирок аларда балык багуу, сатуу жаатында тажрыйба, билим жетишсиз болууда. Окутуулар толугу менен акысыз болору мерчемделүүдө. Ал эми келе турган чет элдик окутуучуларды каржылоо, борборду куруу боюнча чыгымдарды кореялык институт өзүнө алат", — деди Акпаралы уулу.
Ошондой эле ал окуулар кыска жана узак мөөнөттүү болорун кошумчалады.