БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка тагылган күнөөлөрдү чогултуп алганда 136 жыл эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги шейшемби күнү айтылды. Бул тууралуу РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып кабарлады.
"Күнөөлөөдөн кийин жаза катары 136 жыл түрмөгө кесүү каралды, бирок иш жүзүндө өкүм алда канча жеңил болчудай", — деп билдирген телеканал.
Трампка иштиктүү документтерди жасалмалады деп тагылып жаткан кине Нью-Йорктун мыйзамдары боюнча жорук катары каралат, бирок башка кылмыштарын жашырууга аракет жасаса, төрт жылга кесиле турган максималдуу кылмыштын рангына көтөрүлөт.
Шейшембиде экс-президентке эки аялга (анын ичинде унчукпаш үчүн порноактриса Сторми Дэниэлске берилген каражат бар) акча төлөп берип, документтерди жасалмалаган деген маанайда 34 күнөө тагылган.
Трамп кармалганда күнөөсүз экенин айтып, аны Манхэттендин кылмыш соту коё берген. Саясатчынын адвокаты Жо Такопина анын жакталуучусуна коюлган күнөөлөргө эч кандай фактылар келтирилбегендигин билдирди.
Манхэттендин прокурору Элвин Брэгг айыпталып жаткан Трамп жана анын шериктери 2015-жылы президенттик шайлоодо жеңишке жетиш үчүн негативдүү маалыматтарды жайылтпоо схемалары боюнча сүйлөшүп келишкендигин айткан. Анын аркасы менен үч кишиге бир катар маалыматтарды ачыкка чыгарбаш үчүн акча төлөп берген деп күнөөлөнүүдө.