АКШнын экс-президенти Дональд Трамп камакка алынды

Сот имаратынын алдында мурунку өлкө башчысынын тарапташтары менен кошо ага каршы адамдар да чогулган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Нью-Йорк соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты камакка алганын РИА Новости CNN басылмасына шилтеме берип жазды.
Түз эфир жүрүп жаткан экранда "Дональд Трамп камакта жана айыптоолорду күтүп жатат" деп жазылган.
Манхэттендеги имараттын алдына саясатчынын тарапташтары менен каршылаштары чогулушту. Трампка каршы чыккандар аны айыптап, колдоочу топ экс-президенттин аты-жөнү жана “Трамп же өлүм” деген жазуулары бар желектер менен турушат.
Трамп өзү сотко бара жатып, болуп жаткан кырдаалды "сюрреалдуу" деп атаган.
ЖМКлар сотко алып келинген Трамп сүрөткө тартылып, анын манжа изи алынарын жазышты.
Америкалык ЖМКларга Трампка бир нече жыл мурда порноактриса Сторми Дэниэлске экөөнүн мамилесин коомчулукка ачыктабашы үчүн акча төлөп берген деген айып тагылып жатканы жазылган.
Телеканалдын маалыматына таянсак, күч органдары сот процесси өтүп жаткан Нью-Йорктун борборундагы башаламандыкка даярдык көрүп баштаган болчу.
Трамп шейшемби күнү камакка алынарын айтып, элди акцияга чыгууга чакырды