Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчысы кызматына сынак жарыяланды

Документтер 18-апрелге чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчысы кызматына 4-апрелден тарта ачык конкурс жарыялайт.
Талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар:
педагогикалык жогорку билим;
үч жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү беш жылдан кем эмес иш стажы;
жалпы билим берүү уюмунун директору же окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген иш тажрыйбасы милдеттүү түрдө болуусу зарыл.
Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:
жеке арыз;
эки сүрөт (3х4);
резюме;
өздүк таржымал;
нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
паспорттун көчүрмөсү;
соттолбогондугу тууралуу ИИМдин маалым каты.
Аталган документтер 18-апрель саат 18:00гө чейин Касым Тыныстанов көчөсү, 257 дарегинде кабыл алынат. Сурап-билүү телефондору: +996 (312) 620509.
Пресс-борбор
Министрлик мектептеги, бала бакчадагы акча чогултуу менен кантип күрөшөт