Өлкөдө алтынды тереңдетилген түрдө кайра иштетүүгө көңүл буруу керек. Мындай чечим бул тармактын өнүгүүсүнө шарт түзмөк. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, рынокто алтынды эркин айлантуу менен ак ниет атаандаштык жаратуу керек.
"Жакында өкмөт Кыргызстандан баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды тышка ташып чыгарууга чектөө киргизди. Бул ата мекендик зергерчилик тармакты коргоого, өндүрүштү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталганы айтылды. Бирок өлкө ичиндеги рынокту жөнгө салып, анын үзгүлтүксүз иштөө механизмдерин карап чыгыш керек. Азыр өндүрүшчүлөр продуктусун сата албай, бир топ көйгөй жаралып калышы мүмкүн. Мисалы, алтынды тереңдетилген түрдө кайра иштетүүгө көңүл буруу зарыл. Мындай чечим бул тармактын өнүгүүсүнө шарт түзмөк. Бизде Кара-Балта шаарындагы алтын жана күмүштү аффинаждоо заводу бар. Тилекке каршы, ишкана эскирген ыкмалар менен иштеп, болгону стандарттуу гана өлчөмдөгү алтын куймаларын чыгарууда. Эгерде завод өлчөнгөн алтын куймаларга көңүл буруп, 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы куймалардын санын көбөйтүп, рынокто эркин айлантууга берсе, эл аны сатып алып турса жакшы болмок. Мындай практика бар болгону менен ийгиликтүү болбой жатат", — деди Акматов.
Ошондой эле адис алтындын баасы дайыма өсүп турганын эске алганда жарандар алтынга инвестиция жасап, акчаны сактоо, көбөйтүү ыкмаларын өздөштүрүшү керектигин кошумчалады.