Радио

Адис: мектептеги акча чогултуунун айынан баланы бөлгөн учурлар бар

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик билим берүү саясаты жана китеп басуу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева мектеп директорлору ата-энелерден акча үмүт кылганды токтотушу керектигин айтты.
Sputnik
Билим берүү жана илим министрлиги 2019-жылы мектепте акча чогултуу боюнча атайын буйрук чыгарган. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган буйрук чыкканына карабастан мектептерде жана бала бакчаларда акча чогултуу учурлары токтогон эмес.
"Биз 2019-жылдан бери мугалимдерге акча чогултууга тыюу салып келе жатабыз. Бирок буйрук чыкканына карабастан мындай терс көрүнүштөр тыйылган жок. Акча чогултуу фактысы катталган учурларда мугалимдер ата-энелерге, ата-энелер болсо коомдук уюмдарга шылтап коюп жатышат. Коомдук уюмдар болсо акча бербесеңер балдарыңарды мектепке алып келбей эле койгула дешет экен. Бала мектепке акча бергени эмес, билим алганы келет. Муну ар бирибиз эске алышыбыз керек. Мектеп директорлору да ата-энелердин оозун карабастан, жетишсиздиктер болсо инвестиция тартууга аракет кылып, долбоорлорду жазып чыкса болот. Акча чогултулган жерде сөзсүз ызы-чуу жаралат. Ошондуктан мектепке келген баланы акчасы бар-жок деп бөлүү таптакыр туура эмес. Бала бир гана билим алышы шарт", — деди башкы адис.
Ал бардык балдар милдеттүү түрдө билимге тартылышы керектигин кошумчалады.