Кыргызстан жыл башынан бери чет өлкөгө канча мал сатты? Статистика

Импортко караганда экспорттун көлөмү көп экени байкалат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январынан апрелге чейин Кыргызстандан чет өлкөлөргө 24 миңден ашуун мал сатылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Экспорттолгон мал жандык жана саны:
бодо мал – 1978 баш;
кой-эчки – 20 139;
жылкы – 1918.
Импорттолгон мал жандык:
бодо мал – 1765 баш;
жылкы – 915 баш.
Өлкөгө сырттан кой-эчки алып келинбейт.
Кыргызстан айыл чарба продукцияларынын 71 пайызын сырттан ташып келет