БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 7-апрелде күндүз жана 8-9-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
7-8-апрелде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 17-22 метрге, 9-апрелде айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.