Жогорку Кеңеш каржы пирамидасын жарнамалагандарды жазалоо мыйзамын кабыл алды

Мыйзам күчүнө кирсе талапка баш ийбеген белгилүү адамдар беш жылга чейин камалышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш каржы пирамидасын жарнамалаган таанымал адамдарды жазага тартуу мыйзамын кабыл алды.
Документ президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Ага ылайык, каржы пирамидаларын жарнамалап жеке өзү ири суммада киреше тапкан жаранга 2-2,5 миллион сом айып пул салынат же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Демилгечи депутат Шаирбек Ташиев буга чейин 2022-жылы пирамида фактысы боюнча 882 кылмыш иши козголуп, 1 052 адам зыян тартканын айткан. Алар 273 миллион сом жана 1 миллион 597 миң долларга алданган.
Ташиевдин айтымында, шылуундук кылган жарандар өз максатына жетүү үчүн элге таанымал адамдарды колдонуп жарнама кылышат. Алардын постторунан кийин карапайым эл ишенип алып, өз мүлкүнөн ажырап калууда. Андыктан каржы пирамидасын түзгөн шылуунду эле эмес, анын ишин жарнамалаган адамдарды дагы жоопко тартуу зарыл.
Парламент пенсиялык куракты жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун четке какты