Күн, шамал станцияларын курууга ГЭСке кеткендей эле чыгым кетет. Бул тууралуу Кундус Кырбашева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, технологиянын өнүгүшү менен альтернативдүү булактардан энергия алуу жеткиликтүү болуп калды.
"Өлкөдө электр энергиясына муктаждык жыл сайын өсүп жатат. Ошондуктан аны өндүрүүнү жогорулатуу зарыл. Өлкө энергиянын 90 пайыздан ашыгын суудан алгандыктан башка булактарды дагы кароо зарыл. Соңку жылдарда кайра жаралуучу булактар жаатында жакшы аракеттер болууда. Буга чейин суудан энергия алуу эң арзан деп эсептелип келсе, технологиялардын өнүгүүсү менен альтернативдүү булактардан энергия алуу дагы жеткиликтүү боло баштады. Мисалы, күн станциялары 10 жыл мурдагыдан 10 эсе арзандап, шамал станцияларынын кубаттуулугу жогорулады. Ал эми курулуш материалдары кымбаттап жатат. Натыйжада учурда күн, шамал станцияларын куруу ГЭС курган сыяктуу эле каражатты талап кылып калды. Жакында энергетика министри менен чакан ГЭСтер боюнча иштеген 150дөн ашуун ишкердин жолугушуусу болду. Алардын көпчүлүгү Айыл чарба, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтерине тиешелүү көйгөйлөрдү көтөрдү. Башкача айтканда, айрым маселелерди Энергетика министрлигинин алкагында чечүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан жер, суу маселелерин чече турган бирдиктүү мекеме болсо жакшы болмок", — деди Кырбашева.
Ошондой эле ал кайра жаралуу булактардан энергия алууну өлкө жетекчилиги да колдоого алып жатканын кошумчалады.