Нарындагы Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иши соңуна чыкты

Жапаров Ат-Башы ГЭСи бүтүндөй облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошорун билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Нарын облусундагы Ат-Башы гидроэлектростанциясын (ГЭС) реконструкциялоо иши соңуна чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Нарын облусундагы Ат-Башы гидроэлектростанциясын (ГЭС) реконструкциялоо иши соңуна чыкты

2 / 5

Долбоордун расмий аяктоо аземине катышуу үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаров облуска барган

3 / 5

Ал ГЭСтин кубаттуулугу 40 МВттан 45,7 МВтка чейин жогорулаганын, иштөө мөөнөтү 25-40 жылга жетерин белгилеген

4 / 5

Акылбек Жапаров ГЭСти реконструкциялоого жардам көрсөткөндүгү үчүн Швейцария өкмөтүнө ыраазычылык билдирди

5 / 5

Төрага белгилегендей, 2022-жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө 15 миллиард сом бөлүнгөн.

Долбоордун расмий аяктоо аземине катышуу үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаров облуска барган. Ал ГЭСтин кубаттуулугу 40 МВттан 45,7 МВтка чейин жогорулаганын, иштөө мөөнөтү 25-40 жылга жетерин белгилеген.
"Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы абдан жогору. Бизде 40 миңге жакын дарыя, мөңгүлөр бар, аларда дүйнөнүн эң бийик төрт чокусу жайгашкан. Биз бул потенциалды пайдаланууга даярбыз жана келечектеги инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Буга Ат-Башы ГЭСинин реконструкциясынын аякташы түздөн-түз далил. Мындан ары Ат-Башы ГЭСи Нарын облусунун жашоочуларын электр энергиясы менен гана туруктуу камсыз кылбастан, бүтүндөй облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот", – деди ал.
Акылбек Жапаров ГЭСти реконструкциялоого жардам көрсөткөндүгү үчүн Швейцария өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
Төрага белгилегендей, 2022-жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө 15 миллиард сом бөлүнгөн.
"Биз кылымдын курулушун баштадык. Мисалы, Камбар-Ата-1 ГЭСи, эки жылдан бери токтоп турган Токтогул ГЭСинин № 4 гидроагрегаты ишке киргизилди. Азыр ал саатына 1260 МВт электр энергиясын иштеп чыга алат. Учурда 50гө жакын чакан ГЭСтер курулуп жатат, бул башталышы гана. Биринчиден, ГЭСтер экологияга зыян келтирбейт, экинчиден, заманбап жашоонун энергиясы жана жаңы мүмкүнчүлүктөр болуп саналат. Ишенимдүү энергетикалык система мамлекеттин туруктуулугун камсыздайт", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашырууга 25 миллион доллар бөлүнүп, анын жүрүшүндө бардык электромеханикалык жабдууларды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери аяктаган.
Радио
Кыргызстанда күн, шамал станцияларын куруу арзандады