БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жазында аба ырайынын жана температуранын өзгөрүшү менен көп адамдар өзүн сасык тумоо болуп жаткандай сезишет. Бирок бул сезондук аллергия болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук кардиология жана терапия борборунун консультациялык аллергология бөлүмүнүн башчысы Айнура Саалиева билдирди.
Адис аллергия менен дем алуу органдарынын ооруларын кантип айырмалаш керектигин айтып берди.
"Мезгилдик аллергиянын белгилери вирустук инфекцияга абдан окшош: чүчкүрүү, мурундан былжырдын агып чыгышы, мурундун бүтүшү, көздүн кычышуусу, жөтөл. Мезгилдик аллергиянын грипптен негизги айырмасы - температуранын жоктугунда. Вирустук инфекциянын симптомдору үчүнчү күндөн тарта жоголо баштайт. Аллергияда эч кандай өзгөрүү болбойт, ал бир нече айга созулушу мүмкүн", — деди дарыгер.
Саалиеванын айтымында, бардык эле дарыгерлер туура диагноз коё албайт жана эгерде жогорудагы белгилер дарылангандан кийин үч-беш күндөн кийин кетпесе, аллергологдорго кайрылуу керек.