Алимент төлөбөй жүргөн 1 100 атага арыз түшүп, 600үнө издөө жарыяланды

Черикчиев мындай фактылар расмий катталган учурдан дагы көп болушу мүмкүндүгүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда баласына алимент төлөбөй жүргөн 1 127 ата бар. Бул туурасында Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, үч айдан көп убакыттан бери алимент төлөбөй жатканы үчүн арыз түшүп, ага чара колдонуу үчүн укук коргоо органдарына 511 арыз түшкөн. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси менен 20 миңден 50 миң сомго чейин айып салынып, эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат.
Мындан сырткары, алимент төлөөдөн качып жүргөн 616 жаранга издөө жарыяланган.
"Бул маалыматтарды 2022-жылдын жыйынтыгына карата берип жатам. Чынында мындан дагы көп болушу мүмкүн. Баары эле арыз менен кайрыла бербейт экен", — деди Черикчиев.
Уурулук, алдамчылык, алимент. Россияда качып жүргөн 24 кыргызстандык кармалды