Транспорт министрлиги эми жол белгилерин өзү чыгара баштайт

Өздүк цехте жасалган белгилер жеке компаниялардыкына салыштырмалуу кыйла арзан болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех ачылды. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех ачылды

2 / 2

Анын ачылышына министр Тилек Текебаев баштаган мекеме жетекчилери катышкан.

Анын ачылышына министр Тилек Текебаев баштаган мекеме жетекчилери катышкан. Буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келсе, мындан ары мекеме өзү чыгарууга кудурети жетери, биринчи кезекте сапатына көңүл бурулары белгиленди.
"Жол белгилерин чыгарган жабдуулардын бардыгы Россиядан алып келинген. 31-марттан баштап ишин баштаган устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алат. Азыркы тапта алгачкы буюртмалар түшө баштады. 7-10 жылга чейин жарамдуу белгилердин баасы жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан болот. Ошондой эле цехти ачуу менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, кызматкерлердин ден соолугуна да көңүл бурулат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, транспорт министри жол курулушуна колдонулган материалдардын сапатын текшерген лабораторияга да барган.
Ысык-Көлдө таштанды иргөөчү цех ишке кирди. Сүрөт