Радио

Адам сөз жана ой менен жашоосун программалаштырат. Психологдун кеңеши

Психолог Жумаказы Жуманазаров психологияда ойдун күчү тууралуу айтып берди.
Sputnik
Психологдор кардарлар менен баарлашып жатканда үч нерсеге: кыймыл-аракет, сезим жана ойго маани берет. Бул тууралуу Жумаказы Жуманазаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, психологияда адамдын тагдыры өзүнүн сөзү жана ою менен программалаштырылат.
"Психологияда ойдун орду абдан чоң. Биз кардарлар келгенде алардын оюна, сезимине жана кыймыл-аркетине маани беребиз. Ар бир адам үчүн өзү эмнени сезип жатканы маанилүү. Тагдыр, жашоо деп көп айтабыз. Ошол жашообузда болуп жаткан окуялар ойго байланган. Сөздөрүбүз жана ойлорубуз менен өмүрүбүздү программалаштырабыз. Мисалы, бир киши кечке ит тиштеп аларын ойлоно берсе, чын эле ошол адамды ит тиштеп алат. Эгер ал ит тууралуу ойлонбосо, алдынан чыкпайт. "Ою оңолгондун иши оңолот" деген кыргыздын сөзү психология менен да байланышы бар. Андыктан көбүрөөк позитивдүү ойлонуш керек, аракет кылуу зарыл", — деди психолог.
Ал ошондой эле адамдардын көбү кыялдангандан корко турганын да кошумчалады.