"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" мыйзамына жарым-жартылай өзгөртүүлөр киргизилип, коомдук талкууга коюлду. Анда өлкөнүн музейлеринин мамлекеттик реестрин түзүү белгиленген. Бул тууралуу Нурзат Ыбыкеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, реестр Кыргызстандын тарыхый булактарын, баалуулуктарын сактоо максатында түзүлүүдө.
"Кыргызстанда музейлердин мамлекеттик реестрин түзүү сунушу Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министрлиги тарабынан көтөрүлүп, учурда документтин долбоору коомдук талкууга коюлду. Реестр менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан музейлердин баарын камтып, расмий электрондук маалымат базасы болот. Базада музейдин аталышынан тартып жайгашкан жери, түзүлгөн күнүнө чейин бардык маалыматтар жайгаштырылат. Мындайча айтканда, бул музейлердин паспорту болот. Бүгүнкү күндө мамлекеттик музейлерге көбүрөөк көӊүл бурулуп, ведомстволук, мектеп, окуу жайлардагы музейлер көз жаздымда калып калды. Биздин министрлик алар менен иштешүүнү көздөйт. Кээде айрым музейлердин бар-жогун да билбей калып жатабыз. Ал музейлерде кандай экспонаттар бар, алардын тарыхый мааниси кандай, алар туура эрежелер менен сакталып жатабы, маалыматыбыз жок. Мамлекеттик реестрден тышкары, Музей фондунун мамлекеттик каталогу да бар. Ага музейдеги баалуулуктар, экспонаттар тууралуу маалымат киргизилет. Учурда Корея мамлекети менен биргеликте өлкөдөгү үч музейдин маалыматы чогултулуп, базага жайгаштырылууда. Аталган каталог баалуу музей буюмдарынын сыртка чыгарылып, мыйзамсыз сатылып кетишине бөгөт коет. Ал санариптик технологияларды жана киберкоопсуздук талаптарын, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды коргоо боюнча мыйзам талаптарын колдонуу менен түзүлөт", — деди Ыбыкеева.
Адис өлкөдө жалпысынан 118 музей бар экенин (58и мамлекеттик, ведомстволук, калгандары жеке менчик же мектептердин, окуу жайлардын алдында ачылган музейлер) кошумчалады.