Брифинг 4-апрелде саат 10:00дө онлайн-форматта болот. Түз эфир Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунун "ВКонтакте" тармагындагы баракчасы аркылуу уюштурулат.
Билим берүү жана илим министрлиги коомдук талкууга мектеп менен бала бакчада акчаны мыйзамсыз чогултууга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун алып чыккан.
Министрликтин бул нерсе менен күрөшү кандайча жүрүп жатканын төмөнкү адистер айтып беришет:
Акматов Кыялбек Камутович — министрликтин мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
Ибрагимов Бектур Асатбекович — министрликтин укуктук камсыз кылуу жана долбоордук актыларга экспертиза жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
Касымова Нурзида Абабакировна — мектепке чейинки билим берүүчү жайлардын саясаты боюнча бөлүмдүн башчысы;
Абдылдаева Гүлшан Кушбековна — Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты боюнча башкармалыктын башкы адиси;
Арстамбекова Айнура Жанышевна — Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси.
Урматтуу кесиптештер, суроолорду Telegram (0772) 17-54-88 номерине жиберүүгө болот. Модератор сиздин суроону түз эфирде берет.