Милиционерлер 20 жаштагы жигитти сабап, "зордуктайбыз" деп коркуткан. Сүрөт

Кыйноо фактысы аныкталып, тиешелүү документтер прокуратурага жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Милиционерлер 20 жаштагы жигитти кылмышты мойнуна алдыруу үчүн эс-учун жоготкончо сабап, "дубинка менен зордуктайм" деп коркутушкан. Бул туурасында Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Д.У. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана аймактык тескөөчүсү тарабынан кыйноого кабылган. Шектүү Талас обустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына (Токтогулдан Таласка алып келинген себеби белгисиз) алып келингенден кийин улуттук борбордун Таластагы өкүлчүлүгүнө маалымат түшкөн.
"Кызматкерлер 3-мартта барып текшергенде колу, мойну, көкүрөгү тытылып, кан уюп калганы аныкталган. Арыздануучунун айтымында, милиционерлер токмоктоп, муунткан, ага чыдабай бир нече жолу өзүн жоготкон. Андан сырткары, жигитти желим дубинка менен зордуктайбыз деп коркуткан. Мындай мыкаачылык менен кыйноонун максаты бир нече кылмышты мойнуна алдыруу болгон. Арыздануучу андай кылмыштарды жасабаганын айтууда", — деп жазылат маалыматта.
Андан соң Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүү жана кыйноо тууралуу Стамбул протоколун толтуруу үчүн тез жардам чакырган,
Жыйынтыгында тиешелүү документтер Талас облустук прокуратурасына жөнөтүлдү.
УКМКнын кызматкеримин деп ишкердин акчасын тартып алган шектүү кармалды