Адистин кеңеши, кан басымды өлчөө, эмдөө... Бишкекте ден соолук акциясы өтөт

Каалоочулар келип сергек жашоо образы жана чылымды таштоо боюнча да адистерден кеңеш алышса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. 5-апрелде Бишкекте ден соолукка багытталган ири иш-чара өтөт. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти маалымдады.
Билдирмеге ылайык, иш-чара 7-апрель – Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулат.
"Акциянын алкагында спорттук мелдештер, оюн, сынактар уюштурулат. Каалоочулар келип сергек жашоо образы жана чылымды таштоо боюнча адистерден кеңеш алышса болот. Мындан тышкары, биринчи жардам көрсөтүү тууралуу маалыматтар айтылат, каалоочулардын кан басымын өлчөп беришет. Акцияга келгендер ВИЧ инфекциясына карата экспресс-тест тапшырып, кант диабетинин көтөрүлүп кетүү коркунучу канчалык экенин биле алышат. Ошол эле учурда гепатиттин В түрүнө жана COVID-19га каршы эмдөө ала алышат", — деп айтылат маалыматта.
Акциянын күнү, убактысы: 5-апрелде саат 16:00дөн 18:00гө чейин.
Дареги: Бишкек шаары, "Эмен багы" паркы, Курманжан датканын эстелигинин алды жагы.
Кантта "Эскерүү багы" деп аталган эл аралык акция өтөт