Кыргыз-кытай чек арасында автоунаалардын топтолгон себеби айтылды

"Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү жайлары күнү-түнү иштээрин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасында 600гө чукул автоунаа топтолуп калганы менен көзөмөл өткөрүү жайы кадимки калыбында иштеп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлады.
Бул көзөмөл өткөрүүчү эки жайда тең — "Торугарт" (Нарын облусу) жана "Эркеч-Тамда" (Ош облусу) байкалган.
"Анын себеби Кытай тараптан антиковиддик чектөөлөрдүн алынышы, мындан улам аталган өлкөгө кирген жүк ташыгандардын агымынын көбөйүшү жана жүк ташуу менен алектенген кыргызстандыктарга берилген визанын санынын өсүшү да себеп болду", — деп айтылган маалыматта.
Мындай кырдаалдан улам "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү жайлары күнү-түнү иштемекчи.
Акыркы 12 саатта "Эркеч-Там" аркылуу 328, ал эми "Торугарт" аркылуу 300дөн көбүрөөк автоунаа өткөрүлгөн. Чек ара кызматы бул адаттагы нормадан ашык көрсөткүч экенин кошумчалады.
Жергиликтүү бийлик, тартип сактоо органдары жана компетенттүү түзүмдөр көзөмөл өткөрүү жайынын алдында жалпы тартипти сактоо үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы айтылды.
Эркеч-Тамдан Ошту көздөй чыгып дайынсыз болуп жаткан айдоочулар табылды