Радио

Турабеков: учурда калктын медициналык сабаттуулугу төмөн болуп турат

Жалпы практикалык дарыгер Бекжан Турабеков клиникалык изилдөөдөн өтүп далилденген медицинанын гана негизинде дарылануу керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстанга клиникалык изилдөөдөн өтпөгөн медициналык препараттар арзан баада келет. Бул адам саламаттыгына абдан терс таасирин тийгизерин Бекжан Турабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда калктын медициналык сабаттуулугу төмөн болуп тургандыктан туура маалымат жеткирүүгө маани берилиши керек.
"Кыргызстандагы медицинанын абалы тууралуу элдин көбү туура эмес түшүнүктө. Мисалы, тиешелүү жабдыктар жок, шарт жок деп айтып, медицинанын өнүкпөй жаткандыгын жүйө келтирип келебиз. Бизде мыкты практик медиктер, өз ишин жакшы билген адистер абдан көп. Бирок медицинанын жогорку деңгээлге чыкпай жаткандыгынын негизги себеби — калктын медициналык жактан сабатсыздыгы. Анткени эл сапаттуу медицинаны талап кылышы керек. Алардын дарыгерлерге болгон ишеними төмөн, түрдүү витаминдерге кызыгышат, далилденбеген ыкмаларды туура деп эсептешет. Кыргызстанга клиникалык изилдөөдөн өтпөгөн медициналык препараттар арзан баада келет. Бул адам саламаттыгына абдан терс таасирин тийгизет. Ошондуктан дарынын клиникалык изилдөөдөн өткөндүгүн ар бир адам тактап, текшерип алганга, суранга үйрөнүшү керек", — деди Турабеков.
Ошондой эле адис Саламаттык сактоо министрлиги калктын сабаттуулугун жогорулатуу боюнча алгылыктуу иш алып барса медицинада көп көйгөй чечилерин кошумчалады.