БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Мамлекетке караштуу "5-канал" менен "Пирамида" телеканалдары жоюлат. Бул туурасында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.
Ал ЖКнын бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутатка жооп берген.
"Биз эки телеканалды банкрот деп жоюп жатабыз. Бишкек мэриясынын жана "Кыргыз алтын" ишканасынын балансына өткөрүү демилгеси, тилекке каршы, ишке ашпай калды", — деди Эсенгул уулу.
Ал эми телеканалдардын карызын жабуу маселеси менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги алектенип жатканын кошумчалады.