Бишкектеги кеңседен 600 миң сом, бут кийим уурдагандар видеого түшүп калган

Шектүүлөрдүн бири 14 жаштагы өспүрүм болгон. Алар ушуга окшош дагы 10 кылмышка шектелип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү кеңселердин бирине ууру кирип, 600 миң сом жана Adidas фирмасына таандык эки бут кийимди уурдап кетти. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Кадрдан уурулукка кирген адамдар сумкасына ноутбукка окшош буюмдарды да салып жатканын көрүүгө болот.
Милиция бул кылмышка шектүү катары эки жаранды кармады. Алардын бири 14 жаштагы өспүрүм, экинчиси 22 жашта. Уурулар кеңсеге терезе аркылуу киргени, ал эми акча сейфте болгону айтылды.
Шектүү жаранды ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизишкен, өспүрүм сыртка чыкпоо тил каты менен үйүнө коё берилген. Алар ушуга окшош дагы 10 кылмышка шектелип жатат.
Бишкектин четинде уурулукка шектелген кишини мамыга байлап коюшту. Видео