Бишкектин Горький көчөсү БАЭнин туңгуч ажосунун атына өзгөртүлүшү мүмкүн

Азырынча бул маселе талкууланып жатат, комиссия карай элек.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы Максим Горький көчөсүнүн аталашын шейх Заид ибн Султан Аль Нахайян деп өзгөртүү маселесин карап жатат.
Ал — Бириккен Араб Эмирлигинин негиздөөчүсү жана туңгуч президенти.
"Шаар бийлигинин органдары бул маселени талкуулап жатат. Бирок тиешелүү комиссия карай элек", — деп билдиришти мэриядан.
Буга чейин кыргыз бийлиги БАЭнин биринчи президентинин ысымын Ысык-Көлдөгү мөңгүлөрдүн бирине ыйгарган болчу.
Радио
Шаардык кеңеш: Бишкектеги райондордун аталышы качан өзгөрөрү белгисиз