Радио

Кыргызчалана турган Кытайдагы архивдик документтер 10 миң беттен турат

"Мурас" фондунун башкармалыгынын төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымов кытайдагы архивдик документтерди которууга каражат төрт жылдан бери бөлүнбөй келгенин белгиледи.
Sputnik
Президент бөлгөн каражатка 10 миң беттен турган архивдик документтерди кыргыз тилине которууга жумшалат. Бул тууралуу Кыяс Молдокасымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул үчүн өлкө жетекчилигине акыркы төрт жылдан бери кайрылуулар жасалып келген.

"Тарыхый изилдөө иштери Кытай, Казакстан, Өзбекстан архивдерин казууга байланган. Бирок соңку төрт жылда бул багытка каражат бөлүнбөй келди. Сымя Цяндын 2200 жыл баштагы окуяны жазганынан ары кыргыз тарыхы 800 жылга тереңдеди. Кытайдын белгилүү окумуштуусу, профессор Ю Тайшан жаңы жазма булактарга таянып, кыргыздар 3000 жыл мурда эле тарыхта аты аталганын бышыктаган илимий макаласын жазды. Мындан тышкары, 2019-жылы Кытай архивинен 10 миң беттен турган архивдик документтер чыкты. Ошолорду кыргыз тилине которуу милдети кыргыз тарапка жүктөлгөн, бирок каражат жок токтоп калган. Тынымсыз кайрылуулардан улам 13 миллион сом бөлүндү. Ал жогоруда айтылган документтерди которууга, фонддун кызматкерлеринин маянасына, имараттын ижарасын төлөөгө жумшалат. Анткени фонддун кызматкерлери тогуз ай маянасыз иштеп келди", — деди Молдокасымов.

Ошондой эле ал Кытайдагы архивдик документтерди изилдөө көп жылдарга созуларын кошумчалады.