Sputnik Кыргызстандын жетекчиси музыкалык сынактын лауреаттарын сыйлады

Гала-концертте конкурстун лауреаттары Чоң симфониялык оркестрдин коштоосунда эл адына чыгышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина "Орус музыкасынын урматына" аттуу сынактын лауреаттарына сыйлык тапшырды.
1 / 2

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина "Орус музыкасынын урматына" аттуу сынактын лауреаттарына сыйлык тапшырды

2 / 2

"Орус музыкасынын урматына" — бул Кыргызстандагы музыкалык мектептер ортосунда өткөрүлгөн конкурс.

"Орус музыкасынын урматына" — бул Кыргызстандагы музыкалык мектептер ортосунда өткөрүлгөн конкурс. Уюштуруучулар классикалык музыканын болочок жылдыздарына өнөрүн өркүндөтүүгө жардам берет. Гала-концертте конкурстун лауреаттары Чоң симфониялык оркестрдин коштоосунда эл адына чыгышты. Жаш музыканттар кесипкөй адистер менен бир сахнада ойношту.
"Жаш музыкант" категориясындагы лауреаттар: Максат Саматбеков — флейта; Жаннат Турсунбаева — фортепиано; Наима Рахимджанова — скрипка.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина конкурстун лауреаттарын куттуктады.
"Бүгүнкү лауреаттар — классикалык музыка боюнча Кыргызстандын, керек болсо дүйнөнүн болочок жылдыздары. Балдарга рахмат, азаматсыңар. Классикалык музыка бар жана жашай берет. Бул жетишкендиктер менен токтоп калбастан өнүгүп өсүүнү каалайм", — деди ал.
Иш-чараны КРдин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкектеги Русский дом, Кыргыз мамлекеттик музыкалык училищеси уюштурду.
Музыка сынагында жеңүүчү болгон 2-курстун студенти Россияга жолдомо алды