Спортту геосаясатка аралаштыруу жакшы жолго алып барбайт. Анткени спортчунун, машыктыруучунун, ата-энелеринин, жалпы команданын эмгеги текке кетип калат. Бул тууралуу Азат Үсөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, россиялык спортчуларга жок дегенде Олимпиадада нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берилиши керек.
"Россиялык спортчуларды 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катыштырбоо туура эмес чечим болот. Саясатты спортко аралаштыруунун өзү жакшы эмес. Анткени спортчунун, машыктыруучунун, ата-энелеринин, жалпы команданын эмгеги текке кетип калат. Мындан тышкары, көпчүлүк мелдештерде атаандаштык жоголот. Россиялык спортчуларга жок дегенде Олимпиадада нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берилиши керек. Болбосо бул чоң кедергисин тийгизет", — деди Үсөналиев.
Ошондой эле адис бокс боюнча россиялык мушкерлер дүйнөлүк аренада алдыда тургандыгын, кыргыз-орус спортчуларынын окуу машыгууларын өткөрүү чоң тажрыйба берерин кошумчалады.