Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Солнцепёк" РФтин дагы бир багыттагы аскерлерине тапшырылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. РФтин Аба аскер десантчыларынын жеке курамы тарыхта биринчи ирет ок атуучу "Солнцепёк" оор куралы менен камсыз болду.
Радиациялык, химиялык жана биологиялык жактан коргоо боюнча күчтөрдүн алдыңкы бөлүктөрүнүн өкүлү аскерлерге аталган техниканын ачкычын Саратов облусунда салтанаттуу түрдө тапшырган.
Маалыматта аталган десантчылар оор огнемёттук тутумду Украинанын Куралдуу күчтөрүнө карата колдоно баштаганы айтылган.
ТОС-1А "Солнцепёктун" соккусунан окоп менен блиндажга жашынып аман калууга мүмкүн эмес. Термобардык аралашма абага чачырайт да, кубаттуу басымдын алдында температурасы +3000 градуска чыгып, 200 килограммдык снаряд келип тийген жерин соо калтырбайт. Адистер мындай ысыктан болот калканычтар да эрип түшөрүн айтышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Торнадо-Г" жана каршылаш тарапка түшкөн октор. Видео