БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Россиянын Тергөө комитети аскерий кабарчы Владлен Татарскийдин өлтүрүлүшүн оор беренеге — террордук актыга киргизди. Бул туурасында РИА Новости ведомствонун маалымат кызматына таянып билдирди.
Террордукка каршы улуттук комитет өлтүрүүнү Украинанын атайын кызматы пландагандыгын айтты.
"Оппозициялык көз карашта болгон Дарья Трепова Коррупция менен күрөшүү фондунун тарапкери*", — дешти аталган комитеттен.
Тергөөчүлөр учурда кылмышка катыштыгы барлардан тарта буюртма бергендерди аныктоо үчүн окуяны ырааты менен карап, тынымсыз иштеп жатканы айтылды.
Журналисттин өлтүрүлүшүнө Киевдин тиешеси бардыгын Террордукка каршы улуттук комитет билдирди. Алардын берген маалыматына таянсак, кылмышты Украинанын атайын кызматы Алексей Навальныйдын тарапкерлеринин катышуусу менен пландаган.
Эске салсак, кечээ, 2-апрелде, Санкт-Петербургдагы жардыруудан блогер жана аскердик кабарчы Владлен Татарский (расмий аты-жөнү — Максим Фомин) каза тапкан.
Анын 32 жашта экендиги жана жаракат алган онго чукул адамдын абалы оор экени айтылган. РИА Новостиге айтып берген маалымат булагы жарылуучу затты кафеге коробкага статуэтка кылып салып, Татарскийге белек катары алып келип беришкенин билдирген.
Адам өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Россиянын ИИМи Петербургда туулган 26 жаштагы Дарья Треповага издөө салган. Бүгүн, 3-апрелде, шектүүнүн кармалганы маалым болду.
Жардыруудан 32 киши жарадар болуп, алардын ичинен алты адамдын абалы оор деп бааланууда.
• Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм