БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Президенттик администрацияда жалпы штаттык бирдик кыскартылып, 72 кызматкер иштен кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мындай аракет чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана оптималдаштыруусун жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында жасалганы белгиленди.
Кыскартуудан кийин президенттик администрацияда 259 кызматкер калды. Жүктөлгөн функцияларды рационалдуу аткаруу максатында айрым түзүмдүк бөлүмдөр кайра түзүлүп, бириктирилип жана бир катар кызматтар жоюлган.
Ошону менен бирге бошотулган штаттык бирдиктердин эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө иштин абалына ар тараптуу талдоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр күчөтүлгөн.