Петербургдагы кафенин жардырылышына шектелген кыз кармалды

Шектүүнүн блогерге коробкага салынган статуэтканы алып келип бергенин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарындагы кафенин жардырылышы боюнча шектүү катары Дарья Трепова аттуу жаран кармалгандыгын РФтин Тергөө комитети Telegram-каналында билдирди.
"Санкт-Петербургдагы кафенин жардырылышына тиешеси бар деген шектенүүдөн улам ыкчам кызмат менен Тергөө комитети Дарья Трепованы кармады", — деп маалымдалат.
Эске салсак, кечээ, 2-апрелде, Санкт-Петербургдагы жардыруудан блогер жана аскердик кабарчы Владлен Татарский (расмий аты-жөнү — Максим Фомин) каза тапкан.
Анын 32 жашта экендиги жана жаракат алган онго чукул адамдын абалы оор экени айтылган. РИА Новостиге айтып берген маалымат булагы жарылуучу затты кафеге коробкага статуэтка салып Татарскийге белек катары алып келип беришкенин билдирген.
Адам өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Россиянын ИИМи Петербургда туулган 26 жаштагы Треповага издөө салган.
Петербургдагы жардыруудан россиялык блогер курман болду