ММКФ: өтө маанилүү дарылар бардык бейтаптарга берилиши керек

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Дары-дармек бардык бейтаптар үчүн толук кандуу берилиши керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) маалымат кызматы билдирди.
Кеп өтө маанилүү дары-дармектердин катарына кирген препараттар жөнүндө болуп жатат.
Фонддун маалыматына караганда, автономдуу дарылоо уюмдары ММК фондунан түшкөн каражатты өз алдынча бөлүштүрөт (анын ичине медикаменттер дагы кирет).
Ведомстводон билдиришкендей, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери коюлган талаптарды сактап, бейтаптарга медкызматтар менен дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө кепилдик болуп бериши керек.
ММКФ фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрүнөн стационарларга медикаменттерди өз убагында жеткирип камсыздоону өтүнөт.
Ишемби күнү президент Садыр Жапаров бир нече ооруканага айтпай барып, текшерип чыкты. Ал бейтаптар менен сүйлөшүп, Саламаттык сактоо министрлигин кээ бир препараттар жок болуп жатканы үчүн сындаган.
Өлкө башчы бейтаптын ата-энеси менен туугандарынан дары-дармек үчүн акча талап кылбоону тапшырды.
"Эгер бейтап 17 күндөн бери тийиштүү дарысын ала албаса, анда биз эмне деген мамлекетпиз? Баарын тендерге шылтай бербегиле. Акырындык менен мындан арылабыз. "Тендер мафиясы" бүтпөс болду", — деди президент саламаттык сактоо министрине.
Тендер мафиясы бүтпөс болду! Жапаров бул дем алышта ооруканаларды текшерди