Биринчи класска мектепке электрондук каттоо 10-апрелде эртең менен саат 9:00дө башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.
Кийинки дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө дейре жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору иштей баштайт.
Тема боюнча: