БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кант шаарында 6-апрелде "Эскерүү багы" деп аталган эл аралык акция болорун Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Акциянын алкагында дүйнө боюнча 27 миллион даракты Улуу Ата мекендик согуштун баатырларынын элесине арнап тигүү пландалууда. Иш-чара тарыхый эстеликтерди эле унутпоо үчүн гана эмес, эл аралык алкактагы экология маселесинде да маанилүү болуп турат.
Кант калаасындагы акция саат 10:00дө Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусуна коюлган эстеликтин алдында башталары айтылды. Ага каалаган ар бир адам, анын ичинен студенттер менен окуучулар катыша алат.
Иш-чараны Кант мэриясынын, РФтин КРдеги элчилигинин, Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору жана "Жердев сад" питомнигинин көмөгү алдында "Чайка" коомдук бирикмеси жана "Жеңиш ыктыярчылары" коомдук кыймылы уюштурууда.