Бала эмизген жана эмизбеген аял бир стакан сүт ичсе, бала эмизген эне сүттөгү кальцийдин 80 пайызын организмине сиӊирип алат, ал эми бала эмизбеген аял 20 пайызын гана керектейт. Демек, эненин организми витаминге көбүрөөк муктаж. Бул тууралуу Бактыгүл Кылычбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, монокомпоненттүү витаминдер организмге пайдалуу.
"Айрым энелер организм витаминге муктаж деп биологиялык активдүү кошулмаларды ичишет. Бирок Кыргызстанда эле аялдар төрөп жаткан жок да. Мисалы, эч кандай витамин ичпеген Африкадагы энелер кантип дени-карды соо бала төрөп, өстүрүп жатышат? Анткени аялдын денеси баланы көтөрүп, төрөп, аны эмизип азыктандырганга ылайыкташтырып жаралган. Жогорудагы бир стакан сүт боюнча мисалды ала турган болсок, эне эч качан эки же үч адам үчүн деп көбүрөөк тамактанганга муктаж эмес. Эне кадимкидей эле тамактана турган болсо болгону андагы витаминдерди көбүрөөк сиӊирип, алып калат. Ооба, кээде үчүнчү триместрде түйүлдүк жакшылап салмак кошушу үчүн тамакты жарым порцияга көбөйтүү сунушталат. Бирок аял жанындагылар "сен кош бойлуусуӊ, көбүрөөк же" десе эле ашыкча жей бергени туура эмес. Ошондой эле жаңы төрөлгөн балада эритема уулануусу (токсическая эритема) болот. Баланын денеси бул дүйнөгө келгени менен ага бул жер чоочун болгондуктан денеси кызарып баштайт. Бир жолу бир эне ушул маселе боюнча тызылдап кайрылганы эсимде. Аларды келип, текшерген дарыгер кош бойлуу кезиндеги акыркы айда дарбыз жегени үчүн бала кызарып жатат деп айтыптыр. Бул болбогон нерсе. Эгер эне кош бойлуу кезинде ар кандай жашылча-жемиштерди жесе да бала жаткан тон чыпкалап, түйүлдүк үчүн пайдалуу гана заттарды өткөрөт. Тон болгону өтө кичинекей бөлүкчөдөн турган айрым вирустарды өткөрүп жибериши мүмкүн. Андыктан кош бойлуу аялдарга түрлөп жеп, толук, рационалдуу тамактанууга болот. Болгону биз эндемикалык зонада жашагандыгыбыздан улам фолий кычкылын, йод кабыл алуу зарыл. Ушул жерде айта кетчү нерсе, йод менен фолий кычкылын бир учурда кабыл алууга болбойт. Анткени сиӊбей калат. Анан ошол эле БАДдардын курамында абдан көп түрдүү витамин, минералдык заттар бар. Мисалы, цинк менен Д витамини, темир менен кальций бири-бирине карама-каршы келет. Бир учурда ичилсе сиӊбей калат. Логикалык жактан алганда пайдасыз ошол таблетканы ичүүнүн зарылдыгы барбы? Мейли, сиӊбей эле койсун. Бирок, тескерисинче, бири-биринин сиӊишин күчөткөн заттар да бар. Эгерде адамдын организмине йод көбүрөөк кирсе, ал ууландырат", — деди Кылычбекова.
Дарыгер БАДдар дары каражаты болбогондуктан министрлик каттоого албаганын, эгерде терс таасир этсе өндүрүүчү жоопкерчилик албай турганын кошумчалады.