Депутат Таштанбеков аткаминерге "2" коюп, күндөлүк тапшырды. Видео

Министрдин орун басары депутат эмнеге андай баа койгонуна түшүнбөй жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков аткаминерге "2" деген баа коюп, окуучулук күндөрүнө кайтарды.
Бүгүн парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматовдун суроого так жооп бере албаганын сындады.
"Фамилияңыз ким? "2", ата-энең менен кел эмкиде", — деди Таштанбеков.
Андан соң аткаминер "мага "2" эле коюп жатасыз, эми түшүндүрмө бергенде эмне... Мен Айыл чарба министрлигине тиешелүү бардык суроолорго жооп берем" деп кайрылды.
Арадан эки саатка чукул убакыт өткөндөн кийин Таштанбеков баа коюуга ылайыкталган күндөлүк алып келип Раматовго тапшырды.
"Бая министрдин орун басары мага "2" коё бересиң деп аябай таарынды. Менде 1980-жылкы күндөлүк калып калыптыр, ошону алып келдим. Бирок "3" деген бааны койдум, буга президент менен премьер-министр жалаң "5" коюп турсун, тилегим ушул. Кеп жалаң эле урушканда эмес, өзүбүздүн жеке ишибизди айтып жаткан жокпуз, элдин көйгөйү. Мүмкүн биз деле жаңылабыз, эмоцияга да берилип кетебиз, силер жашсыңар, көп таарынбагыла. Ошондуктан комитеттин атынан бул күндөлүктү берип коёюн, таарынбай жүрүңүз", — деп алып келип берди Таштанбеков.
Белгилей кетсек, депутат буга чейин да жыйында Мурат Раматовго "2" деген бааны оозеки түрдө койгон.
"Красавчик!" Депутат Таштанбеков президенттин өкүлү Абытовду мактады