АКШда торнадо 32 кишинин өмүрүн алып кетти

Кишилер Алабама, Арканзас, Делавэр, Иллинойс, Индиана, Миссисипи жана Теннеси штаттарында каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. АКШнын бир нече аймактарында болгон торнадо кеминде 32 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Теннеси штатында эле 15 тургун көз жумган. Ал эми Арканзас штатынын губернатору Сара Хакаби Сандерс жаратылыштын бул кырсыгынан улам өзгөчө кырдаал жарыялаган. Ал штатты калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон ресурстардын бөлүнөрүн билдирди. Губернатордун жарлыгы менен аталган штаттагы жаратылыш кырсыгынын кесепети менен күрөшүүгө Улуттук гвардиянын аскерлери жөнөтүлгөн. Ал жерде материалдык чыгымдан сырткары адам өмүрүнө да зыян келтирилгени, тагыраагы, беш тургундун каза тапканы айтылды.
Пенсильвания штатында 140 адам электр энергиясыз калган. Мындай кырдаалга Огайодо 82 миңге, Виржинияда 65 миңге чукул жашоочунун кабылганы маалым болду.
Жамгыр 80ден ашык кишинин өмүрүн алып кетти. Бразилиядагы кырсык