4-апрелге карата аба ырайы

4-апрелге караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Шейшембиде күндүз күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Талас, Ысык-Көл аймактарында +11...+16, Нарын өрөөнүндө +12...+17 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +18...+20, Ош шаарында +19...+21 градуска чейин жетет.
Кантта "Эскерүү багы" деп аталган эл аралык акция өтөт