Садыр Жапаров: СИЗО-1 шаардын сыртына чыгарылып, ордуна үй курулат

Буга чейин бийлик №47 колонияны шаардын сыртына көчүргөн.
Sputnik
Бишкек, 2-апр. — Sputnik. Бишкектеги СИЗО-1 шаардын сыртына көчүрүлүп, ал жерге көп кабаттуу үйлөр тургузулат. Бул тууралуу өлкө президенти Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
“СИЗО-1дин ордуна кичи район пайда болот, биз өз ишибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз. Буга чейин бийлик №47 колонияны шаардын сыртына көчүргөн. Анын ордуна азыр 5 500 үй-бүлө үчүн ипотекалык турак жай курулуп жатат”, — деди өлкө башчы.
Ошондой эле президент Нарын, Жалал-Абад жана Таласта да көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканын айтты.
Мындан тышкары, Жапаров "мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт" деген сөздү да эске салып, быйыл Кыргызстанда 100 жаңы мектеп пайдаланууга берилерин кошумчалады.
Садыр Жапаров жылдап жараксыз жаткан автобустар токтотулган аянтка барды