БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россиянын аскер бөлүктөрү Украинанын артиллериясынын Түштүк Донецкиге карата соккусуна бөгөт кое алышты. Бул тууралуу "Восток" тобунун маалымат борборунун жетекчиси Александр Гордеев РИА Новостиге билдирди.
"Түштүк Донецк багытына HIMARS ракеталык комплексинин эки снаряды жана “Смерч” ракеталык системасынын үч снаряды атылып, бирок аларга жооп кайтарылды. С-300 жана “Бук” зениттик-ракеталык комплекстеринин экипаждары бардык буталарды жок кылышты", — деди ал.
“Оса-АКМ” жана “Стрела-10” зениттик-ракеталык комплекстеринин экипаждары эки “Валькирия” жана эки “Фурия” учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрүштү.
Мындан тышкары, “Восток” тобунун бөлүктөрү орус аскерлеринин алдыдагы позициялары менен салгылашууда душмандын чалгындоо аракетин эки жолу токтотуп, ошол эле учурда чалгындоо тобу менен 20га жакын согушкерди жок кылышты.
“Биздин аскерлердин артына диверсиялык-чалгындоо тобун чыгаруу аракети Запорожье багытында токтотулду”, — деп кошумчалады Гордеев.
Зализничное конушунун аймагында автоматтык үн өлчөөчү комплекстин жардамы менен душмандын гаубицасы табылып, жок кылынганы дагы айтылды.