Радио

Осмонов: бийликтин чечимин аткарбаган чиновниктер жумушунан бошотулууда

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов аталган кызматтын милдети тууралуу айтып берди.
Sputnik
Өлкөнүн жетекчилиги мамлекеттик иштердин аткаруу тартибин жогорулатуу милдетин койду. Бул багытта Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмү жигердүү ишжүргүзүүдө. Бул тууралуу Азамат Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бийликтин чечимин аткарбаган чиновниктер жумушунан бошотулуп жатат.
"2021-жылы, жаӊы Конституцияга ылайык, администрациянын структурасында төрт башкы башкармалык түзүлгөн. Анын бири Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгы деп аталат. Ал бир бөлүмдөн жана бир сектордон турат. Аталган башкармалык мамлекеттик органдардагы чечимдерди аткаруу тартибин жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Бул үчүн министрликтердин жана облустардын жетекчилеринин орун басарларына тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлдү. Бүгүнкү күндө башкаруунун электрондук документация системасын колдонуу менен биз кайсы мамлекеттик органдар кандай иш алып барарын көрүп жатабыз. Ошондой эле биздин кызматкерлер маморгандарга мониторинг жүргүзүп, баа берип турат. Ар бир мамлекеттик кызматкер, мамлекеттик органдардын жетекчилери башка учур келгенин түшүнүшү керек. Ар бир жетекчиликтин чечими аткарылышы керек. Эгерде алар өз учурунда ишке ашырылбаса, мындай чиновниктер менен коштошобуз", — деди Осмонов.
Ал мамлекеттик органдар чечимдердин аткарылышын контролдоонун жалпы режимине көнүп жатышканын жана азыртан эле оң натыйжалар болуп жатканын кошумчалады.