Петербургдагы жардыруудан россиялык блогер курман болду

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы жардыруудан блогер жана аскердик кабарчы Владлен Татарский курман болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"(Владлен Татарский) жардыруудан каза тапты", — деди агенттиктин маектеши.
Соңку маалымат боюнча, окуянын кесепетинен жабыркагандардын саны 16га жетти.
РИА Новостинин ишенимдүү маалымат булагы болжол боюнча белгисиз кыз алып келген жардыруучу каражат жарылганын айтты.
Үрөй учурган жол кырсык. Баткенде эки автоунаа өрттөнүп кетти