Ошто машина менен каналга түшүп кеткен эки киши куткарылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Оштогу Озгур айылында жеңил унаа Увам каналына түшүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, машинанын ичинде эки адам болгон. Жерине төрт куткаруучу тартылып, эки адамды суудан аман алып чыгышкан.
Такталган маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан кырсыктаган.
Жети-Өгүздө мас айдоочу жүргүнчү салып жаткан унааны сүзүп, 2 адам каза болду