Вадим Павлов
РФ Экономикалык өнүгүү министрлигинин алдындагы Жалпы россиялык тышкы соода академиясы импорттун ордун алмаштыруу жаатында иликтөө жүргүзүп, анын натыйжасында тизме түзгөн. Анда мурда сырттан ташылган кайсы өндүрүмдөрдү Евразиялык экономикалык биримдик ичинде чыгарып же өндүрүшүн өнүктүрүүгө болору такталган. Sputnik ошол тизмелерге көз жүгүртүп көрдү.
Евразиялык салыштырмалуу артыкчылык
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин улуттук пландарында камтылган негизги максаттардын бири – союздун өнөр жай дараметин өстүрүү. Ушул планды ишке ашырууда импорттун ордун алмаштыруу да орчундуу орунда.
Армения менен Кыргызстанда текстиль, кийим-кече жана өнөр жай товарларынын өндүрүшүн өнүктүрүү, аларды колдоо, ошону менен бирге эле жаңы өндүрүштөрдү ачуу аракеттери бар.
Беларусь, Казакстан жана Россияда импорттун ордун алмаштыруу жагы каралган тармак жана товарлардын кеңири тизмеги түзүлүп, алардын алкагында ар кандай колдоо көрсөтүү да пландалууда.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө кабыл алынган стратегиялык жана программалык документтердин негизинде Жалпы россиялык тышкы соода академиясынын талдоочулары союздун ичинде импорттун ордун алмаштырууга оңтойлуу өндүрүмдөрдү тизмелешкен.
Алар 462 товардык позицияны (тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасындагы алты белгинин деңгээлинде) тандап алышкан. Алардын катарына ЕАЭБде 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча импорттун нарктык көлөмү 100 млн доллардан кем болбогон, ал эми евразиялык рыноктогу үлүшү 50 пайызды түзгөн товарлар кирген.
2021-жылы ЕАЭБге 189 млрд долларга товар импорттолгон. Көпчүлүгүндө машина куруу, электр жабдыктары, транспорттук каражаттар жана фармацевтикалык товарлар келген. Жалпы россиялык тышкы соода академиясынын маалыматтарына ылайык, 462 товардын арасынан 59у боюнча ЕАЭБ салыштырмалуу артыкчылыкка ээлик кылат. Демек, алар биримдик ичинде өндүрүлүп, дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка туруштук бере алышат.
Ошондой товарлар боюнча эң оболу союздук рынокту толтуруу үчүн кооперацияны өнүктүрүп, сырттан импорттоону азайтууга болот. Ушул товардык позициялардын катарында жеңил автомобилдер жана алардын тетиктери, турбореактивдүү кыймылдаткычтар, ар кыл тиричилик техникасы (мисалы, нан бышыргыч меш), электр чубалгылары, текстиль өнөр жайына тиешелүү жана башка товарлар бар.
Чоң үлүш агроөнөр жай комплексине таандык. ЕАЭБ мамлекеттери көбүнесе РФке кастарын тиккен өлкөлөрдөн импорттогон (2021-жылы болжол менен 4,5 млрд долларга бааланган) 28 товардын өндүрүшүндө салыштырмалуу артыкчылыкка ээ экенин айтууга болот. Кеп эгин жыйноочу комбайндар, түшүм топтоочу башка машиналар, урук, дан эгин же кургак буурчактар тобун тазалап, ылгап жана өлчөөчү аппараттар туурасында жүрүүдө.
ЕАЭБ өлкөлөрү өндүрүштө кыйла артыкчылыкта болуп келген 59 товардык позиция боюнча 2021-жылы жалпы союздук импорт 20,6 млрд долларды түзгөн. Демек, импортун алмаштыруу жагы каралган товарлардын ондон бир бөлүгүн жакын арада өздүк өндүрүштөгү товарлар менен толуктоо кыйла реалдуу.
Ошол 59 товарды тактоо үчүн Жалпы россиялык тышкы соода академиясынын эксперттери NCA индексин (Net Comparative Advantage — таза салыштырмалуу артыкчылыктар көрсөткүчү) пайдаланышкан. Эгер ошол көрсөткүчү 0,5тен жогору болсо, товар дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка туруштук бере алат. Евразиялык өндүрүшчүлөрдүн 59 позициядагы товарларынын баарынын NCA индекси ушул чектен жогору.
Кыргызстан менен ЕАЭБдин бөлөк өлкөлөрү эмне өндүрө алат?
Жогоруда аталган товарлардын дээрлик жарымы Беларуста чыгарылат. Жалпы россиялык тышкы соода академиясынын талдоосуна ылайык, аталган республикажеке өзү же биримдиктеги бөлөк өлкөлөр менен катар 59 товардын ичинен 27 позицияны өндүрө алат.
Биримдикке сырттан ири көлөмдө кирген товарларды, атап айтканда, трактор жана 10дон ашуун киши ташуучу автомобилдердин тетиктери, 1 500 куб см ашпаган кыймылдаткычтуу жеңил автомобилдер, электр мештери, плита, ошондой эле бут кийим багытында Беларусь Республикасы импорттун ордун алмаштыра алуучу дараметке ээ.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өндүрүшүндө салыштырмалуу артыкчылыгы бар товарлардын үчтөн бир бөлүгүн Россия чыгара алат. ЕАЭБ алкагында жакын арада импорттун ордун алмаштыра ала турган товардык позициялардын ири нарктык көрсөткүчү дал РФте экенин белгилей кетели. Россияда түтүк, казандардын корпусу, резервуар, челек жана башкалар үчүн жабдыктар чыгарылат. Ушул эле товарларды биримдиктеги өлкөлөр 2021-жылы 2,16 млрд долларга импорттогон.
Армения өндүрүшүндө салыштырмалуу артыкчылыкка ээ товардык позициялардын арасынан токума буюмдар, пуловер, кардиган, ар кандай жилет жана ушул сыяктуу химиялык булалардан жасалган кийим-кечелер өзгөчө орунда. 2021-жылы ЕАЭБ өлкөлөрү ушул товарларды сырттан 561,4 млн долларга сатып алышкан. Импорттук продукциянын евразиялык рыноктогу үлүшү 95 пайызга бааланган. Ошондой эле трактор, автомобилдер үчүн радиаторлор жана алардын тетиктери, кездеме, ар кандай кийимдерди да баса белгилөөгө болот.
Кыргызстанда да өндүрүш жаатындагы кырдаал болжол менен ушундай эле. Жалпы россиялык тышкы соода академиясынын эксперттери кийим-кече жана кездеме боюнча республика өндүрө ала турган бир катар товардык позицияларды белгилеген.
2021-жылдагы маалыматтарга караганда, баасы эң кымбат импорттук товарлар дистилляция же ректификациялоочу аппараттар болгон. Кыргызстан ушул жаатта импорттун ордун алмаштыра алары ырас.
Мурдагы жылдагы жалпы союздук импорттун нарктык көлөмү 610,8 млн доллар, евразиялык рынокто бул импорттук аппараттардын үлүшү — 99 пайызга бааланат.
Казакстан өз кезегинде алюминий кычкылынын импортунун ордун алмаштыра алат (бул бир катар өнөр жай тармактарында колдонулат). Бул наркы жагынан ЕАЭБ өлкөлөрү жакын арада импортун басаңдата ала турган экинчи товар болуп саналат. 2021-жылы аны биримдиктеги мамлекеттер 1,65 млрд долларга сырттан сатып алган. Импорттун үлүшү — 90 пайыз. Дагы бир ири товардык позиция да ушул республикада. Азыркы тапта ЕАЭБ өлкөлөрү 73 пайыз сырттан сатып алган аккумуляторлорду (поршендик кыймылдаткычтар үчүн колдонулган) ири көлөмдө чыгарууга Казакстандын потенциалы жетишерлик.
Жалпы россиялык тышкы соода академиясынын аналитиктеринин пикиринде, кооперацияны өнүктүрүп, ички жана дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка туруштук бере ала турган өндүрүмдөрдү чыгаруу үчүн тез арада бул долбоорлорду колдоонун комплекстүү тутумун камсыздап, ашыкча кубаттуулук сарптабастан, ашкере чыгым кетирбестен кошумча нарк чынжырын түзүү керек.
Инвестициялар зарылдыгы
Импортту азайтуу максатында өндүрүштү уюштуруу үчүн олуттуу инвестицияларды салуу абзел. Мындай көз карашын Sputnik агенттигине РФ өкмөтүнүн алдындагы Финансы университетинин Глобалдык изилдөөлөр институтунун илимий жетекчиси Александр Ильинский билдирди. Айтымында, дүйнөлүк рецессия шартында жеке бизнес бул милдетти аткара албайт. Ошол себептен мамлекеттик кепилдиктер, долбоордук каржылоолор менен коштолгон эффективдүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк керек.
"Бүгүнкү күндө жетиштүү инвестициялардын көлөмүн аныктоо кыйла татаал, — дейт Ильинский. — Кеп мында ЕАЭБ ички дүң өндүрүмүнүн 2-5 пайыздай көрсөткүчү туурасында экенин боолголойм".
Эске салсак, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, ЕАЭБ алкагында ички дүң өндүрүмү 173 трлн россиялык рублди (болжол менен 2,5 трлн доллар) түзгөн. Андан 2-5 пайыз — 3,5-6,9 трлн рубль же 45,4-89,5 млрд доллар эмеспи.
Sputnik агенттигине Жалпы россиялык тышкы соода академиясынын Экономикалык интеграция борборунун жетекчиси Никита Пыжиков билдиргендей, NCA индексин баалоо — бул багыттагы иштердин биринчи эле баскычы.
“ЕАЭБ өлкөлөрү 1,5 литр кыймылдаткычтуу жеңил автомобилдерди 801 млн долларга импорттогон. Бул көлөмдөн Беларуськанча пайызын азыр чыгарып бере алары так эмес. Бирок бул республика дал ушул товары менен дүйнөлүк рынокто теңата атаандаша алат. Адегенде Беларуска бул милдет канча көлөмдө жүктөлөт, жетер чеги кандай болорун түшүнүп алган оң", — деп түшүндүрөт Пыжиков.
Ошондой эле ал Жалпы россиялык тышкы соода академиясы ушул маселе тегерегинде кошумча изилдөө жүргүзүп жатканын, анын жыйынтыгына жараша ЕАЭБдин кайсы бир өлкөсүндө тигил же бул тармакка салынуучу инвестициянын көлөмү айкындалып каларын кошумчалады. Изилдөө быйыл жыл соңунда жыйынтыкталмакчы.
Союздук колдоо
"Евразиялык экономикалык комиссия жүргүзгөн талдоонун корутундусу биримдик ичине сырттан ташылган өнөр жай товарларынын ордун жергиликтүү товарга алмаштырууда ЕАЭБ мамлекеттеринин потенциалы жогору экенин тастыктап турат", — деди Sputnik менен маегинде ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев.
Бүгүнкү күндө ЕАЭБде импорттун ордун алмаштыруу боюнча машина, жабдууларды, компьютер, химиялык өндүрүмдөрдү, электрондук жана оптикалык буюмдарды, ошондой эле автомобиль чыгаруу тармагы алдыңкы сапта турарын тактап өттү Кушнарев. Анын эсебинде нарктык көлөмдө алар импорттун ордун алмаштыруунун жалпы потенциалынын 60 пайыздан ашуунун түзөт.
"Ал эми товардык көрсөткүчтө ЕАЭБде автомобиль жабдууларын (4,3 млрд доллар), эсептегич машиналар жана мотордук транспорттук каражаттардын кузовдорун (2,3 млрд доллар) жана процессте температураны өзгөртө алуучу материалдарды иштетүүчү жабдууларды (2 млрд доллар) чыгаруу тармагынын потенциалы бийик. Жалпы алганда биримдик ичинде булар импорттун ордун алмаштыруу потенциалынын 15 пайыздан ашуунун түзөт", — деп билдирди Кушнарев.
Кооперацияны колдоо багытында биримдик, тагыраак, ЕЭК жеңилдетилген каржылоо демилгесин иштеп чыккан.
“Былтыр октябрда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары өнөр жайда кооперациялык долбоорлорду биргелешип каржылоо боюнча жаңы механизм иштеп чыгууга макулдашышкан”, — деп эске салат ал.
Каражаттар бизнес жана банк мекемелерине бөлүнүп, ЕЭК союздук бюджеттин эсебинен кайра каржылоонун баштапкы же негизги ставканын өлчөмүндө насыянын үстөгүн жаап берет. Ошентип ЕАЭБ алкагында көп тараптуу долбоорлорго салынган инвестициянын өсүшүн өбөлгөлөө маселеси чечилет", — деп чечмелейт Кушнарев.
Долбоорлорду тандоодо негизги артыкчылык үч же андан ашуун тараптан турганы жана долбоордун каржылык майнаптуулугуна берилет. Долбоорго ишканалардын катышуусу жумушчу орундарын түзүү, заманга бап же жаңы кубаттуулуктарды жаратуу, долбоорлоо кызматтарын көрсөтүүсүнө жараша бааланат.
"ЕЭК да кызматташууга өнөктөштөрдү издөө жагынан да, жеңилдетилген каржылоого тийиштүү тапшырыктарды даярдап жана негиздөө жаатында да катышуулардын бизнес демилгелерине кол кабыш кылат. Дал ушул максатта тармактык эксперттик жумушчу топтору түзүлгөн", — дейт ЕЭК Өнөр жай саясаты департаментинин директору.
Мамлекеттер аралык деңгээлде колдоо чаралары жана кошумча механизмдер (маселен, тышкы сооданы жөнгө салуунун чаралары, коргоочу механизмдерди түзөтүү жана башкалар) 2022-жылы ЕАЭБ алкагында кооперация артыкчылыкка ээ жана жогорку технологиялык тармактарда импорттун ордун алмаштыруу боюнча 2022-жылы түзүлгөн комиссиянын аянтчасында талкууланат.
Ошондой эле анын айтымында, бүгүнкү күндө биримдиктеги өлкөлөрдүн кооперациялык кызматташтыкка даяр ишканалары да тизмектелип, ЕАЭБ сайтына илинген. Анда негизинен темир жол машиналарын куруу (бардык өлкөлөрдүкүн кошкондо – 110 ишкана), кеме куруу (Армения, Беларусь жана Россиядагы 173 ишкана жана завод), кабель-чубалгылар өндүрүшү (Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиядагы 85 ишкана), майда электроника (бардык өлкөлөрдөгү ишканаларды кошо эсептегенде – 39), цемент чыгаруу (бардык өлкөлөрдүкү – жалпы 85 ишкана) жана жарандык авиация курулушу (бардык өлкөлөрдө – 79 ишкана) камтылган.
"Ишканалардын тизмеги ЕАЭБ аймагында импорттун ордун алмаштырууга багытталган. Кызыкдар болгон ишканалар өз өлкөсүнүн тийиштүү министрлиги аркылуу өнөр жай түрүнө карата тизмеге кире алат", — деп кебин жыйынтыктады Николай Кушнарев.