ЕАЭБдеги бирдиктүү рыноктун артыкчылыктарын РФ ТИМи эске салды

ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногу 2015-жылдан бери иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги 2015-жылдан бери ЕАЭБдин аймагында бирдиктүү рынок иштеп жатканын, ал жарандар үчүн кандай артыкчылыктарды берерин эскертти.
ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына берилген артыкчылыктардын тизмеси:
ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары биримдиктин бардык өлкөлөрүндө иштей алат (улуттук рынокту коргоо боюнча чектөөлөрдү эске албаганда). Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн уруксат документтерин алуу кажет эмес;
бирикмедеги өлкөлөрдө каттоосу жок 30 күн жүрсө болот. 30 суткадан ашканда ошол өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде каттоого туруу керек (эгер өлкөнүн ушундай талабы болсо). Жалпы жонунан жумуш издөөгө 90 күн берилет;
ЕАЭБ мамлекеттеринде берилген билим боюнча документтер таанылат;
киреше салыгы ошол өлкөнүн жарандарыныкы менен бирдей төлөнөт;
иштеп жаткан адамдын үй-бүлөсүнө өлкөдө жашоого жана ишке орношууга укук берилген;
иштеп жаткан кишинин балдары ошол өлкөдө билим алууга укуктуу;
иштеген кишиге жана анын үй-бүлөсүнө Тез жардам кызматы акысыз көрсөтүлөт;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) боюнча медициналык жардам ошол өлкөнүн жарандарыныкындай шартта көрсөтүлөт;
убактылуу эмгекке жараксыз учурда ММК иштейт.
Мишустин ЕАЭБ ичинде улуттук акчанын колдонулушу боюнча айтып берди